2025-03-10 04:41:48 156
2024-2025-окуу жылынын 25-январында ОшМУнун медициналык колледжинде "Өндүрүштө иштеген практиктерди айкалыштыруу аркылуу ишке тартуу" аттуу тегерек стол уюштурулду. Иш чара масштабдуу деңгээлде өткөрүлүп, сырткы жана ички стейкхолдерлер, түштүктөгү жеке жана мамлекеттик медициналык мекемелердин өкүлдөрү, шаардагы өнөктөш медициналык колледждердин кесипкөй адистери, Практика жана карьера борборунун жетекчиси, медициналык колледждин бүтүрүүчүлөрү, ата-энелер, окутуучулар жамааты жана бүтүрүүчү курстардын студенттери катышты. Жолугушууда кызыкдар тараптар менен биргеликте адистиктердин окуу пландары, стратегиялык пландар, окуу өндүрүштүк практика ж.б.маселелер кызуу талкууланды жана сунуш пикирлер айтылды. Стейкхолдерлер медициналык мекемелердеги бош ваканттык орундар, жумушка жайгашуу эрежелери менен бүтүрүүчүлөрдү тааныштырып өтүштү. www.medcolledj.oshsu.kg