• Новости Центр практики и карьеры в ОшГУ

Практика жана карьера борборунда кадрдык өзгөрүү болду

2025-09-08 10:09:38 199

Ош мамлекеттик университетинин Практика жана карьера борборунун жетекчиси Талантбек Матикеевдин ордуна Марклен Бабаев дайындалды. Ал Педагогика, искусство жана журналистика институтунун башталгыч жана мектепке чейинки билим берүүнүн педагогикасы, психологиясы кафедрасынын доценти. Ал эми педагогикалык практикалар боюнча улук инспектор кызматына Табият таануу, дене тарбия, туризм жана агрардык технологиялар институтунун экономикалык география, тармактык экономика жана туризм кафедрасынын улук окутуучусу Жанарбек Султанов келди. Буга чейин п.и.к., доцент Адылбек Батыралиев эмгектенип келген.