• Новости Центр практики и карьеры в ОшГУ

Практиканын күндөлүктөрүн электрондоштуруу боюнча Geeks osh программалоо курсу тарабынан доолбоору сунушталып талкууланды.

2025-03-19 03:58:11 172

2025-жылдын 18-март күнү ОшМУнун институт, факультет жана колледждердеги практика боюнча жооптуу жетекчилеринин катышуусунда педагогикалык жана педагогикалык эмес багыттарындагы практиканын күндөлүктөрүн, практиканын отчетторун жана башка керектүү документтерди электрондоштуруу боюнча Geeks osh программалоо курсунун кызматкерлери тарабынан техникалык тапшырмалары түзүлүп долбоору сунушталып талкууланды.

Платформа толук кандуу иштеп баштагандан кийин ОшМУнун IT Академиясына өткүрүп берилет. (Теология факультетин эксперимент катары өткөрүлөт)

Натыйжада Билим редакциялык басмаканасынан студенттер үчүн күндөлүктөр басылып чыгарылбай кагаз үнөмдөлүп, ар бир практика жетекчиси күндөлүктөрдү сактап жүрүү токтотулуп отчеттор электрондук түрдө базада сакталат.