2025-03-15 08:16:27 187
ОшМУнун бүтүрүүчүлөрүнүн Ассоциациясы Коомдук бирикмеси 2024-жылдын 22-апрелинде мамлекеттик каттоодон өтүп уставы бекитилип 25-апрель күнү күбөлүк алынды.
2024-жылдын 30-май күнү ОшМУнун 85 жылдык маарекесине карата Ош мамлекеттик университетинин бүтүрүүчүлөрүнүн Ассоциациясынын биринчи жыйыны болуп өттү. Жыйынга келген ар бүтүүрүүчүнү Бүтүрүүчүлөр Ассоциациясынын төрагасы Калыкулов Керимбек, Практика жана карьера борборунун жетекчиси Матикеев Талантбек жана борбордун кызматкерлери жылуу тосуп алышты. Жыйындын жүрүшүндө төмөндөгү маселелер каралып тийиштүү чечимдер кабыл алынды.
Ø ОшМУнун бүтүрүүчүлөрүнүн Ассоциациясынын мындан ары иш-аракеттери жөнүндө;
Ø Коомдук бирикмеге мүчөлөрдү кабыл алуунун тартиби жөнүндө;
Ø Коомдук бирикменин мүчөлөрүнүн укуктары жана милдеттери жөнүндө;
Ø Коомдук бирикмеге жыл сайын мүчөлүк акы төлөө суммасын бекитүү жөнүндө;
Ø ОшМУнун бүтүрүүчүлөрүнүн Ассоциациясынын Коомдук бирикмесинин 2024-2025-окуу жылы үчүн иш-планын талкулоо,толуктоо жана бекитүү жөнүндө:
Юридикалык жактын толук фирмалык аталышы:
Мамлекеттик тилде: «Ош мамлекеттик университетинин бүтүрүүчүлөрүнүн Ассоциациясынын Коомдук бирикмеси».
Расмий тилде аталышы: «Общественное объединение Ассоциации вупускников Ошского государственного университета».
Юридикалык жактын кыскартылган фирмалык аталышы:
Мамлекеттик тилде: ОшМУнун БАКБ.
Расмий тилде аталышы: ООАВ ОшГУ.